Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Бала бакчалардын кызматкерлерине жаңы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү программасы тааныштырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Агартуу министрлигинде жаңы мектепке чейинки билим берүү программасы тааныштырылды. Иш-чарага мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлери катышты. Аталган программаны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Уланбек Мамбетакунов катышуучуларга жаңы программанын түзүлүшү, максаты жана негизги милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди. Анын белгилешинче, жаңы программа мектеп жашына чейинки балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, инсан катары калыптануусуна, коом менен өз ара аракеттенүүсүнө жана мектепке ийгиликтүү даярдануусуна багытталган. Министрликтин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова белгилегендей, аталган программа Россия, Өзбекстан, Казакстан, Корея, Япония, Сингапур, Түркия жана башка өлкөлөрдүн жана өзүбүздүн алдынкы программаларды изилдөө менен компетенттүүлүккө негизделип иштелип чыккан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Кыргыз почтасы" ААКка барып, жаңы логистикалык борборду ишке киргизүүгө даярдык кандай жүрүп жатканын текшерди. Сапар өлкөнүн почта-логистикалык инфраструктурасын модернизациялоо жана активдүү санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында болду. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. "Кыргыз почтасынын" башкы директору Марат Черикчиев объект тууралуу маалымат берип, автоматташтырылган сорттоо линиясы, кеңейтилген постаматтар тармагы, биометрикалык Face ID жабдуулары жана электрондук сооданы көзөмөлдөөгө арналган маалыматтык система сыяктуу негизги технологияларды тааныштырды. Аягында Амангелдиев тиешелүү жетекчилерге объектти өз мөөнөтүндө ишке киргизүү жана почта-логистикалык кызматтарды өркүндөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Ала-Арча жаратылыш паркында заманбап туристтик жай курулууда. Объектке A-frame үйлөрү, асма жол, бассейн, куполдор жана мейманкана кирет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты. Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев курулуш аймагына барып, иштердин жүрүшү менен таанышып чыкты. Ал сапатты камсыз кылууну жана объектти жыл аягына чейин толук пайдаланууга берүүнү талап кылды. Жаңы комплексте коноктор асма жол аркылуу бийиктиктерге чыгып, кооз табияттын пейзажын көрө алышат. Атайын жайгаштырылган үйлөрдө эс алып, жаратылыш менен жакын мамиледе болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Дональд Трамп Владимир Зеленскийди күзүндө кызматтан кетириши мүмкүн экенин япониялык басылмалардын бири жазды. Буга сентябрда күтүлүп жаткан АКШ, Россия жана Кытайдын президенттеринин жолугушуусу себеп болушу ыктымал. Алар Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына карата жолугушат. Басылма эгер жолугушуу болсо "Украина менен Россиянын ортосундагы жаңжал башка нукка бурулушу мүмкүн" деп жазган. Зеленскийдин мөөнөтү былтыр 20-майда