БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет бир апталык аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, 28-июлдан 3-августка чейин күндүз өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Түнкүсүн күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Чүй, Талас облустары
28-июлда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бейшембиге чейин күндүз өткүн болушу ыктымал. 31-июлдан 3-августка чейин күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен жергеси
Дүйшөмбү күнү жамгыр себелеп турары айтылган. Ошол эле учурда бир апта бою тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен өткүн, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Ысык-Көл, Нарын аймактары
Бир жума бою айрым жерлерде өткүн өтүп турат. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.