БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эки түзөтүү мекемесинде ишканалар ачылып, соттолгондор жумуш орду менен камсыздалганын маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, №2 түзөтүү мекемесинде наабайкана, тигүү цехтери, №8 мекемеде курулуш кол кабын чыгарган цех, ширетүү жайы жана наабайкана ишке киргизилген.
ЖАМКтан учурда №19 мекемеде тигүү жана эмерек жасоо цехтерин ачуу үчүн даярдыктар жүрүп жатканын белгилешти.
“Соттолгондорду эмгек аркылуу тарбиялоо, туруктуу айлык акы төлөнүүчү жумуш менен камсыздоо – ресоциализациянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул аракеттер алардын жаңы адистиктерди өздөштүрүүсүнө, эркиндикке чыккандан кийин жумуш табуусуна жана коомго аралашуусуна өбөлгө болот", – деп айтылат маалыматта.