БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Дональд Трамп Владимир Зеленскийди күзүндө кызматтан кетириши мүмкүн экенин япониялык Shukan Gendai басылмасы жазды.
Буга сентябрда күтүлүп жаткан АКШ, Россия жана Кытайдын президенттеринин жолугушуусу себеп болушу ыктымал. Алар Экинчи дүйнөлүк согуштун 80 жылдыгына карата жолугушат.
Басылма "эгер жолугушуу болсо, анда Украина менен Россиянын ортосундагы жаңжал башка нукка бурулушу мүмкүн" деп жазган.
Зеленскийдин мөөнөтү былтыр 20-майда аяктаган. Украинада 2024-жылдагы президенттик шайлоо согуш абалына жана жалпы мобилизацияга байланыштуу болбой калган.