Стармер Палестинаны мамлекет катары таануу ыктымалдуулугун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Улуу Британиянын премьери Кир Стармер союздаштары менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты орнотуу “жолдорунун” үстүнөн иштеп жатканын, анын кадамдарынын бири Палестинаны мамлекет катары таануу болушу керектигин билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Мен биздин жакын союздаштарыбыз менен биргеликте аймакта тынчтыкты орнотуу жолунун үстүндө иш жүргүзүүдөмүн. Анда бул согушта жапа чеккендердин жашоосун өзгөртүүгө багытталган чечимдерге басым жасалууда. Бул жол учурда абдан зарыл болуп турган ок атышууларды токтотуп, аны бекем тынчтыкка айлантууга жетелейт. Палестинаны мамлекет катары таануу ал жолдогу кадамдардын бири болушу керек. Бул маселе боюнча менин көз карашым ачык", – деген Стармер Х социалдык тармагына жарыялаган видеокайрылуусунда.

Макрон: Франция Палестинаны сентябрда мамлекет катары тааныйт