Балыкчы – Бишкекке каттаган поезддин терезесин дагы талкалап кетишти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Балыкчы – Бишкек маршруту боюнча каттаган поезддин терезесине дагы таш ыргытып, талкалап кетишти. Окуя кечээ, 25-июлда, түндө болгонун “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.
Бейбаштар Токмокто турган бир нече, анын ичинде VIP-вагондорду да таш бараңга алышкан.

“Терезелер соккуга туруктуу материалдан болгондуктан сынган эмес, бирок жаракалар кетти. Окуя болгон маалда вагондордо жүргүнчүлөр бар болчу”, – деп билдиришти ишканадан.

Азыр чыгымдын баары эсептелип, укук коргоо органдарына поездди ташка алгандарды таап берүү үчүн маалымат берилди. Буга чейин апрелде дагы белгисиз адамдар Балыкчыдан келген поездге таш ыргытып, терезелерин талкалап кетишкен.
Балыкчы — Кочкор темир жолу 9 млрд. 472 млн. сомго курулары айтылды