Гимндин жаңы текстинин 5 варианты тандалып, эми музыкасына сынак жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Гимндин жаңы текстинин беш варианты тандалып, алардын музыкасына 8-сентябрга чейин сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/36840
Кечээ, 25-июлда, мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отуруму өттү. Анда 16-июндан 17-июлга чейин келип түшкөн 132 сунуш каралган.
Эми сынактын экинчи этабында бул тексттерге музыка тандалат. Композитор, ырчы, музыканттар сунуштарын 8-сентябрга чейин Маданият министрлигине, Пушкин, 78 дарегине жөнөтсө болот.
Комиссия анын ичинен мыкты делген үч вариантты иргеп алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
Маалымат борбор
Кыргызстандагы активисттер миллион рубль таба алат. Шарт-талабы