Бишкек — Ош багытындагы билеттер эмнеге кымбаттап кетти? Агенттиктин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жарандык авиация агенттиги Бишкек — Ош багытындагы кымбат билеттер боюнча түшүндүрмө берди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жылдызкан Жолдошева социалдык баракчасына жети миң сом турган билеттер азыр 11 миң сомдон (Hahn Air компаниясында) сатылып жатканын жазып, президентке кайрылган.
Агенттик аталган компания авиакомпания эместигин, ал турагенттиктер менен иштешип билет саткан дүйнөлүк дистрибьютер экенин билдирди.

“Билет алуунун көп жолу бар, анын ичинде расмий сайттар жана авиакомпаниялардын тиркемелери аркылуу да алса болот. Билетти алдын ала брондосо баасы 3 950 сомдон 4 750 сомго чейин чыгат”, — деп билдиришти Жарандык авиация агенттигинен.

Президент авиация тармагын кара тизмеден чыгарууда кандай натыйжа болгонун айтты