БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 27-июль, жекшембиде, республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +30...+35, Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +35…+37, Ош шаарында +34...+36 градуска көтөрүлөт.