Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Россиянин Алтай Республикасынын Тоолу-Алтай шаарына болгон жумуш сапары аяктады. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында “Манжерок” эс алуу курортунда уюштурулган Эл аралык экологиялык конференцияга Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөт башчылары менен биргеликте катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Экологиялык чакырыктар жана дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулаган Эл аралык экологиялык конференциянын алкагында эксперттик жана тематикалык сессиялар да уюштурулду. Анда бир катар мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышып, өз тармактарында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев өлкөдөгү кан борборлорунда лаборатория жана кадр маселеси курч экенин айтты. Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Анын айтымында, донорлордун каны республика боюнча СПИД борбору аркылуу текшерилет, бул дүйнөлүк стандарттарга туура келбейт. Ар бир кан борборунда өзүнүн лабораториясы болушу шарт. Ошондой эле, ал жабдуулар жетиштүү болгону менен реагенттер жана медициналык каражаттар боюнча каржылоодо көйгөй бар экенин кошумчалады. Карабаев аймактарда имарат маселеси да бар экенин белгилеп, кадр тартыштыгынан улам жаштар келбей, пенсия курагындагы адистерди кармап турууга туура келип жатканын билдирди.
Борбор калаадагы Лев Толстой менен Яков Логвиненко көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Билдирмеге караганда Лев Толстой менен Яков Логвиненко көчөлөрүнүн кесилиши жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылган. Мэриянын кабарлашынча, аталган кесилиш бүгүн, 26-июлда саат 15:00дө жабылды. Кайра 27-июлда, саат 18:00дө ачылат.
Улуу Британиянын премьери Кир Стармер союздаштары менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты орнотуу “жолдорунун” үстүнөн иштеп жатканын, анын кадамдарынын бири Палестинаны мамлекет катары таануу болушу керектигин билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мен биздин жакын союздаштарыбыз менен биргеликте аймакта тынчтыкты орнотуу жолунунун үстүндө иш жүргүзүүдөмүн. Анда бул согушта жапа чеккендердин жашоосун өзгөртүүгө багытталган чечимдерге басым жасалууда. Бул жол учурда абдан зарыл болуп турган ок атышууларды токтотуп, аны бекем тынчтыкка айлантууга жетелейт. Палестинаны мамлекет катары таануу ал жолдогу кадамдардын бири болушу керек", – деген ал соцтармактагы кайрылуусунда./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 30 тыйынга евро 102 сом 52 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 27-июлга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +30...+35, Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +35…+37, Ош шаарында +34...+36 градуска көтөрүлөт.