Оштун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана мурдагы башчысы кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет.
Маалыматка ылайык, алар Кең-Сай конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоого тийиштүү каражаттарды максатсыз пайдаланууга жана уурдоого шектелүүдө. Курулушка 657,05 миллион сом бөлүнүп, келтирилген зыян 115,4 миллион сомду түзгөнү айтылды.
"Шектүүлөр ишенимдүү адамдар аркылуу подряддык уюмдардан сый акы алышкан. Анын кесепетинен подряддык уюмдар курулушту создуктуруп, сапатсыз жасаган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж., башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. жана "С" ЖЧКсынын подряддык уюмунун жетекчиси А.К.Б. камакка алынганы кошумчаланды.
ИИМ: алган параны кайтарып берип жаткан салыкчы кармалды. Видео