БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, оператору алмаштырылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Документтин коомдук нааразылыкты азайтуу, тутумдун ачык-айкындыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөй турганы айтылган.
Мындан улам министрлер кабинетине бир айдын ичинде байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо тартибин кайра карап чыгуу тапшырылды.
Ошондой эле чет элдик операторду мамлекеттик же жергиликтүү уюмга алмаштыруу сунушталды. Бул улуттук коопсуздукту, жеке маалыматтарды коргоону жана санариптик эгемендикти камсыз кылуу үчүн зарыл экени айтылган.
Ага чейин маалыматтык өнөктүктүн алкагында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү белгиленген.
Жарлыктын аткарылышына президеттик администрация көзөмөл кыла турганы кошумчаланган.