Нарынга жаңы мэр дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жайнак Немат уулу дайындалды. Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
46 жаштагы Немат уулу төрт жылдан бери Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакында Жалал-Абадга барган маалында андан канчадан бери иштегенин сурап, "сиз же эптеп-септеп начар иштейсиз, же колдогон жетекчиңиз жок. Сиз аким болосуз, жакшылап иштеңиз",— деген эле.
Талас менен Ак-Талаа райондоруна жаңы акимдер дайындалды