БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Мирлан Таалайбеков Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тийиштүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон.
Ал мындан ары борбор калаадагы жашылдандырууну, санитардык жана экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөйт.
Таалайбеков буга чейин Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат кызматынын инспектору, милициянын лейтенанты болгон.