Электр кубатын аз колдонгула! Министрлик кышты эске салып, элге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Энергетика министрлиги кышында электр энергиясыз калбаш үчүн бул аптаптуу күндөрү электр кубатын үнөмдөөгө чакырды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл Токтогул суу сактагычында өткөн жылга салыштырмалуу 700-800 миллион кубга аз экенин айтты.
"Дагы бир ай убакыт бар, бирок былтыркыдай көлөмдү топтоого жетишпейбиз. Электр энергиясын үнөмдөп колдонолу", — деди ал.
Соңку маалыматтарга таянсак, кечээ, 24-июлда, жайкысын электр энергиясын керектөөнүн жаңы рекорду коюлду. Сандар менен түшүндүрсөк, өлкөдө 44,7 млн кВт/саат сарпталган.
Салыштыра келгенде, былтыр ушул күнү электр кубатын керектөө 38 млн кВт/саат болгонун айтышты.
Ведомство муну өлкөдөгү экономиканын өсүшү менен түшүндүрдү. Тагыраагы, курулуш иштеринин, ишке берилген ишканалардын санынын өсүшү, элдин турмуш шарты жакшырып жатканы негиз деди.
"Ал тургай айылдагы үйлөрдө суу жылыткыч, кир жууган машина сымал тиричилик техникалары кошулуп жатат. Азыр ар бир үй кеминде 5 кВт/сааттан кем эмес электр энергиясы колдонулат", — деди энергетика министри.
Ибраев быйыл ысык катуу болгондуктан рекорддук керектөө жалпы эле Орто Азия боюнча байкалып жатканын кошумчалады. Мисалы, коңшу Өзбекстанда жайкы керектөөнүн рекорду кышкысынан да ашып кеткен.
Адаттагыдан ысыгыраак болот. Августка карата аба ырайы