Кыргызстан ТИМи Таиланд-Камбоджа чатагынан улам мекендештерге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджада жүргөн жана ал жакка бара турган кыргызстандыктарга кайрылды.
Ведомство жогорудагы эки өлкөнүн чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу мекендештерди ал жактагы жаңжал чыккан жерлерден алыс болууну эскертти.
Ал эми аталган эки өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктарды коопсуздуктун эрежелерин сактап, сак болууну өтүнөт.
Маселе жаралса Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине +996 500 244610 (WhatsApp) номери аркылуу кайрылса болот.
Эске салсак, кечээ Таиланддын аскердик күчтөрү Камбоджага сокку уруп, ага берки тарап жооп бергени кабарланган. Ага чейин эки өлкөнүн такталбаган чек ара бөлүгүндө мина жарылып, таиланддык беш аскер жаракат алган. Таиланд андан кийин өзүнүн Камбоджадагы элчисин чакыртып, алардыкын артка кайтарган.
Кыргызстан Россиядан миграциялык борборлордо кошумча терезелерди ачууну суранды