БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстан тоок жумурткасынын экспортун кыйла көбөйттү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, республика Казакстанга 3 миллион 283 миң даана жумуртка жеткирген. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда сегиз эсеге көп. Былтыр бул убакыт аралыгында 409 миң даана жумуртка экспорттолгон.