БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 2025-жылдын январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында курулуш иштеринин көлөмү боюнча эң жогорку өсүштү Кыргызстан көрсөттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылган.
Көрсөткүч 1,9 эсеге жогорулаган. Курулуш тармагындагы өсүш союздун башка өлкөлөрүндө дагы, тагыраагы, Арменияда (29%), Казакстанда (15,4%), Беларуста (12,3%) жана Россияда (5,5%) байкалган.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде курулуш иштеринин көлөмү январь-майда жалпысынан 6,8 пайызга өскөн.