Республика боюнча донордун канын СПИД республикалык борбору текшерет. Дүйнөлүк стандартта ал туура эмес. Бул тууралуу Бакыт Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Республикалык кан борбору бир топ жылдан бери тиешелүү министрликке лаборатория жана кадр маселеси тууралуу айтып келет.
"Республикалык кан борборунун өзүндө гана лабораториябыз бар. Ал эми республика боюнча донордун канын СПИД борбору текшерет. Дүйнөлүк стандарт менен алып караганда, бул туура эмес. Анткени ар бир Кан борборунун лабораториясы болушу шарт. Бул маселени министрликтин алдына көп жылдан бери эле коюп келе жатабыз. Жаңы министрибизге да бардык облустук кан борборлоруна лабораторияларды ачуу боюнча сунушубузду айттык. Бул да абдан кыйын маселе. Анткени көп каражатты талап кылат. Ал эми Республикалык кан борборунун бардык жабдуулары менен лабораториясы бар, бирок анализдерди текшерүүчү реагент, реактивдер жана медициналык каражаттар менен каржылап турууда министрлик тарабынан маселе жаралып жатат", — деди Карабаев.
Ал жылдан-жылга Республикалык кан борбору жабдууларды жакшыртып, коопсуздук жана сапатын дүйнөлүк деңгээлге жеткирип жаткандыгын белгиледи.
"Ош облусу боюнча кан борборунун өзүнүн имараты жок. Ал эми Жалал-Абад облусунуку да абдан эски. Ал имаратты Кан борбору менен Жүрөк хирургиясы, башкача айтканда, эки башка мекеме колдонот. Республикалык кан борборунукун болушунча оңдоп-түзөөдөн өткөрүп турабыз. Бирок ал жай эскирди. Жаңы имараттар керек. Анткени медицина бир орунда турбайт. Биз да ага шайкеш келишибиз зарыл", — деди Карабаев.
Ал Кан борборунда маянанын аздыгынан улам жаштар келбей, пенсия курагындагы адистерди кармап турууга аргасыз болуп жатышканын кошумчалады.