Гитлердин ишке ашпаган тилеги, ийгиликсиз "Эдельвейс". Видео

Улуу Ата Мекендик согушта, 1942-жылдын 25-июлунда Кавказ үчүн салгылаш башталган. Адольф Гитлер "Эдельвейс" деп аталган операцияны жарыялаган.
Sputnik
Анда эгер эки аймак алынса согушту токтотору айтылган.
"Эгерде Майкоп менен Грозныйды алсак, согушту токтотууга туура келет!" — деген Гитлер.
Германия эки айда Кавказды алып, Бакуга жетип, андан ары Иран менен Индияга өтүп кетем деп эсептеген.
Кавказ үчүн кармаш 1942-жылдын 25-июлунда башталып, 442 күнгө созулган. Ал тарыхта калган Ленинград коргонуусунан да узак болгон. Ал эми Гитлердин "Эдельвейси" гүлдөгөн эмес да, 1943-жылдын февралында ийгиликсиз аяктаган.