Касымалиев Кыргызстанда соңку үч жылда 29 млн. көчөт отургузулганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку үч жылда 29 миллион көчөт отургузулду. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Алтайдагы эл аралык экологиялык конференцияда билдирди.
Ал 2050-жылга чейин Борбор Азияда суунун таңсыктыгы 30 пайызга жетиши мүмкүн экенин айтып, Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарын өз күчү менен 16 пайызга, донорлордун жардамы менен 44 пайызга кыскартууга белсенгенин эске салды. Ошондой эле Касымалиев Кыргызстанда 2 миллион гектардан ашык жерде 96 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы иштеп жатканын билдирди.
"Жашылдандыруу ар бир аймактын экологиялык бакубаттуулугунда маанилүү роль ойнойт. Ошол себептүү 2022-жылдан бери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен "Жашыл мурас" акциясы ишке ашырылууда. Үч жылдын ичинде 29 миллиондон ашык көчөт отургузулду. Жалпысынан кампаниянын алкагында 70 миллиондон ашык көчөт отургузуу пландалууда. Жыйынтыктап айтканда, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүү биздин элдерибиздин туруктуу өнүгүшүнүн жана бакубаттуулугунун негизи экенин белгилегим келет", — деди Касымалиев.
Мындан тышкары, минкаб башчысы коңшу мамлекеттерге биологиялык ар түрдүүлүктү жана экотуризмди өнүктүрүү үчүн транс чек аралык экологиялык коридорлорду түзүүнү сунуштады.
Кыргызстан Алтай Республикасына үч илбирс берди