Минкаб башчысы Алтайдагы эл аралык экологиялык конференцияга катышууда

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Алтайдагы "Манжерок" ("Миң жүрөк") эс алуу курортунда эл аралык экологиялык конференцияга бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бирге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын премьер-министрлери жана башка мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери да чакырылган.
Алар Алтайга дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн чогулган.
Касымалиев стадион менен конгресс-холлдун курулушун көрүп чыкты. Сүрөт