Айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн кунарсыз жайыттарды кантип ижарага алса болот? - жайыттарды жакшыртуу программасы кандай ишке ашууда?

Sputnik
Өлкөдө жалпы 9 миллион гектарга чукул жайыт бар. Анын үчтөн бири деградацияга учураганы кабарланып келет. Мындан улам өткөн жылы жайыттарды жакшыртуу багытында атайын программа кабыл алынгандыгы айтылган. Анын алкагында айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн кунарсыз жайыттарды пайдаланууга берилүүдө. Аталган программа ишке кандай ашып жатканы жана кунарсыз жайыттарды айыл чарба багытына кантип которсо болору тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын агротокой жана багбанчылык секторунун башчысы Бакыт Орозакунов жооп берди.