Өлкөдө жакыр үй-бүлөлөрдүн 16жашка чейинки балдарына ай сайын 1200 сом өлчөмүндө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу берилет. 2025-жылдын 1-июлуна карата мындай жөлөк пул 54,4 миң үй-бүлөдөгү 194 миң 800 балага дайындалган. Бирок жөлөк пул убактылуу жардам гана болуп саналат. Ошондуктан мамлекет социалдык контракт, кесип үйрөнүү аркылуу жарандарды чакан бизнес баштоого же жумушка орношууга үндөп жатат. Кесиптик билим алуу — өз алдынча жашоого жана жөлөк пулдан баш тартууга мүмкүнчүлүк берет. Былтыркы жылга салыштырмалуу жөлөк пул алуучулардын саны 75,8 миң адамга азайды. Бул жакырчылыктан чыгуу иштеринин аткарылышынын жыйынтыгы. Социалдык колдоонун түрлөрү жакырчылыкты азайтууга чоң салым кошууда. Бул тууралуу "Спутниктен сүйлөйбүз" программасынын алкагында коноктор кеп кылды.