Баштапкы төлөмдү Кепилдик фонду төлөйт — банк аркылуу кантип ыңгайлуу шартта ипотекага үй алса болот?

Sputnik
“Кепилдик фонду” тузүлгөндөн берки 9 жыл ичинде 12,3 миллиард сомдон ашык суммага 12 миң кепилдик берди. Чакан жана орто бизнести колдоо, финансылык туруктуулукту чыңдоо жана өлкөдөгү ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер максат катары коюлган. Эми “Кепилдик фонд” “Келечек” кепилдик продуктусу менен ипотеканы баштапкы төлөмсүз берип баштады. Анын шарттары жана талаптары тууралуу "Кепилдик фонду" ААКтын башчысы Малик-Айдар Абакиров айтып берди.