БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанга биринчи жарым жылдыкта 2,8 миллион чет элдик келген, алардын 88 пайызы борбор азиялыктар болгон. Бул маалымат Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтылды.
Аталган тармактан түшкөн салыктык төлөм 160,6 миллион сомду түздү. Бул көрүнүш туризм жаатындагы туруктуу өсүштүн белгиси экендигин айтышты.
Жыйында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына мейманкана төлөмүн (туристтик алым) киргизип жана аны ишке ашырууну иштеп чыгуу тапшырылды.