БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджаны согуштук аракеттерден карманууга чакырды.
Министрлик Кыргызстан чек арадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи.
“Биз эки тарапты тең сабырдуулукка, куралдуу кагылышуунун андан ары күчөшүнө жана калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн болгон аскердик аракеттерден баш тартууга жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечим табуу үчүн диалогго кайтууга чакырабыз”, — дешти ТИМден.
Ведомство Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарынан этият болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдаттык менен кулак салууну өтүнөт.
Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда кыргызстандыктар Куала-Лумпурдагы Кыргызстандын элчилигине +996 500 244610 (WhatsApp) телефону аркылуу же КР ТИМнин ишеним телефонуна +996 999 312002 (WhatsApp) кайрыла алышат.