Түндүк — Түштүк жолунда таш кулап, каттам убактылуу токтотулду. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда таш кулап, каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Түшкөн таштар жолдун 280-281-чакырымын тосуп калган. Ал жерге жеткирилген техника трассаны тазалап жатканын айтышты.
"Жол убактылуу жабылгандыгына байланыштуу айдоочуларга башка альтернативдүү жол багыттарын тандап алуу сунушталат", — деп жазылган маалыматта.
Бишкекте эртеңден тарта Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат