БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Украинанын бир нече шаарында эл коррупцияга каршы органдардын жабылышына каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөрүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Митингдер Киев, Львов, Днепр, Одесса сыяктуу ири шаарларда болуп жатканы айтылды.
Нааразылык билдиргендер Украинанын Жогорку Радасы кабыл алган мыйзамга каршы чыгууда. Ага ылайык, Коррупцияга каршы улуттук бюро менен Коррупцияга каршы атайын прокуратура өз алдынчалыгын жоготот. Парламент депутаттарынын айтымында, мыйзамга президент Владимир Зеленский кол коюп, документ күчүнө кирди.
Кээ бир депутаттар бул чечимди өлкөдөгү коррупцияга каршы негизги түзүмдөрдү жок кылуу катары баалашты.
Киевдеги Франко атындагы улуттук драма театрынын алдында чогулган 40тай киши ошол жерде түнөп калган. Ал эми кечинде алардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.