Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Үч жыл өттү". Трамп Украинага берген жардам боюнча жаңы билдирүү жасады

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Американын Украинага берген курал-жарагынын акчасын Европа үч жыл мурда эле төлөп бериши керек болчу. АКШнын президенти Дональд Трамп бул туурасында Вашингтондо жасалма интеллект боюнча конференцияда сүйлөп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
Ал Вашингтон Европа биримдиги менен согуштук жабдуулар канча турса, ошончо каражатты жүз пайыз төлөп берүү боюнча келишим түзгөнүн белгиледи. ЕБ курал-жаракты алгандан кийин анын көп бөлүгү Украинага берилмек болгонун кошумчалады.

"Бирок алар (европалыктар — ред.) бул акчаны Кошмо Штаттарда биздин коргонуу компанияларыбызга коротот. Куралды жөнөтөбүз, алар жабууларды өздөрү бөлүштүрөт. Чындыгында бул үч жыл мурда болушу керек эле", — деген Ак үйдүн башчысы.

Өткөн жумада Трамп АКШ менен ЕБ Украинага курал жөнөтүү боюнча макулдашып, акчаны Европа төлөп берерин жар салган. Аскерий жүктө ракеталар эле эмес, Patriot системасынын батареялары да бар экендигин айткан.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Трамптын бул кадамы бизнес экендигин айткан. Ал Европа согушту создуктурууну каалап, Украинага деп сатып ала турган курал-жаракка ири суммадагы акча сарптоого даярдыгын белгилеген. Анткен менен кимдин чөнтөгүнө күч келери азырынча белгисиз. Франция, Чехия, Италия жана Венгрия буга аралашуудан баш тартты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Франция Украинага Америкадан курал сатып алуу долбооруна катышпайт