Садыр Жапаров Кытай парламентинин спикери Чжао Лэцзини кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров КЭР парламентинин спикери Чжао Лэцзини кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда саясий-экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки жактуу өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров КЭР парламентинин спикери Чжао Лэцзини кабыл алды

2 / 2

Жолугушууда саясий-экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки жактуу өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды

"Үстүбүздөгү жылдын февралында Кытайга болгон мамлекеттик сапарымды жана июнь айында Астанада бир тууганым, урматтуу Си Цзиньпин мырза менен болгон жолугушуумду жылуу сезимдер менен эстейм. Биздин жолугушууларыбыз дайыма достук маанайда өтөт", — деди Садыр Жапаров.
Ал эми Чжао Лэцзи Си Цзиньпиндин саламын жолдоп, Кыргызстанда жүрүп жаткан реформаларга жогору баа берди.
"Сиздин жетекчилик алдында өлкөдө олуттуу реформалар ишке ашып, Кыргызстан тездик менен социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишүүдө. Ынак кошуна жана ар тараптуу өнөктөш катары Кытай бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанат", — деди Чжао Лэцзи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров кыргыз-кытай алакалары ишенимге, түшүнүшүүгө жана колдоого негизделип, мындан ары да чыңдала берерине ишеним артарын билдирди.
Кытай Тибетте дүйнөдөгү эң ири ГЭС кура баштады