Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский НАТОнун баш катчысы үчүн тарыхтан мисал келтирди

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россия-Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча делегациясынын башчысы, РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский Стамбулда НАТОнун баш катчысы Марк Рюттеге атайын кайрылып, тарыхтан мисал келтирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Эске салсак, үчүнчү орус-украин сүйлөшүүсү кечээ Түркиянын Стамбул шаарында өттү.
"Тарыхты абдан жакшы көргөн Рютте мырза үчүн атайын тарыхый маалымат келтире кетейин. Кытайда коммунисттер менен улутчулдардын – Чан Кайши менен Мао Цзэдундун ортосунда жарандык согуш болгон", — деген Мединский бул мезгилдери Чан Кайши көзмө-көз жолугушууну, бардыгын сүйлөшүүнү талап кыла бергенин эске салып.
"Менимче, беш ирет кездешип, жылмайып, сүрөткө түшүшкөн. Анткен менен бул нерсе жарандык согушту токтото алган эмес. Себеби негизги маселелер, карама-каршылыктар чечилген эмес. Согуш улана берген", — деп белгилеген ал.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, "Батыштын жапырт каралган аскердик жардамына" карабастан улутчулдар утулуп, коммунисттер жеңгенин кошумчалаган.
Буга чейин Россия менен Украина сүйлөшүүлөрдү май, июнда жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен эки жак туткундарды алмашып жана Киев украиналык аскерлердин сөөгүн өткөрүп алган. Мындан сырткары, тараптар согуштук, мындан улам түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу меморандумун бири-бирине берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Балдар, аскерлер, онлайн жумушчу топ. Россия-Украина сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы