ЖОЖдордо окуунун акысы эмнеге өстү. Тиешелүү тараптардын түшүндүрмөсү

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Социалдык тармактарда өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуу акыларынын (контракттык негиздеги төлөмдүн) 2-3 эсе өсүп кеткени айтылып, коомдо кызуу талкуу жаратууда.
Бул боюнча Жусуп Баласагын атындагы КУУга кайрылганыбызда төлөм (контракт) 20-40 пайыз көтөрүлгөнүн тастыкташты. Ал эми Кусейин Карасаев атындагы БМУда окуунун акысы 4-20 пайызга чейин кошулганын айтышты.
Мунун себеби катары инфляция (8 пайыз), коммуналдык кызматтардын (13,8 пайыз) өсүшү жана эмгек акыны көтөрүү, окуу программаларын жаңыртуу муктаждыгы белгиленди. Мындан тышкары, контракт мамлекет бөлгөн гранттык жана ваучердик суммадан (42 350 сом) кем болбошу керектиги кошумчаланды.
Ошондой эле ЖОЖдорун өкүлдөрү өлкөдөгү окуу жайлардын контрактысын көтөрүүгө үч жылдык мораторий (2021–2024 ж.ж.) болгонун эске салышты. Чектөө президенттин буйругу менен алынгандан бери акырындан көбөйүп жатканы айтылды.
Ал эми Монополияга каршы кызматтын өкүлү Бейше Сатыгулов 2016-жылдагы өкмөттүн 191-токтому менен контрактылардын көлөмүн окуу жайлар өз алдынча түзөрүн белгиледи. Аталган токтомдо "билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (иштерине) тарифтер (баалар) мыйзамдарга ылайык түзүлөт, бекитилет жана Монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу талап кылынбайт" деп жазылганын айтты.
Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттерин КУУга кошуу сунушталууда