БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн ортосунда, сууда калган киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин облустук бөлүмүнөн билдиришти.
Алгач катер үйлөнмө кайыкка үч кишини отургузуп көлдүн дээрлик орто ченине чейин алып келген. Бирок катердин айдоочусу үч адам оор болуп жатканын түшүнүп, бирөөнү ошол жерге убактылуу сууга таштап, экөөнү жээкке жеткирүүгө кеткен.
Суунун ортосунда калган киши коркуп кетип, жардам сурай баштаган. Бул маалда рейдде жүргөн куткаруучулар келип калышкан. Алардын артынан эле жүргүнчүсүн таштап кеткен катер да жетип келген.