VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү башка система менен өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеш клубдук система менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.
Анын айтымында, бул оюндарда көкпар болбойт.
"Клубдар ар кайсы мамлекеттерден келген оюнчулардан түзүлөт. Тактап айтканда, оюнчулар Көчмөндөр оюндарына келишет, андан кийин чүчү кулак аркылуу ар бир өлкөдөн бирден оюнчу жаңыдан түзүлгөн командаларга бөлүштүрүлөт. Мисалы, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Венгриядан келген оюнчулар бир командада болуп калышы ыктымал", — деди ал.
Абдымомунов бул ыкма аталган спорттогу ашыкча саясатташууну азайтарын, анын жайылышына өбөлгө болорун белгиледи.
"Көк бөрү федерациясы менен биргеликте оюн эрежелерин жакшыртуу боюнча бир нече жолугушуу өткөрдүк. Коргоочу каражаттарды жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. Эрежелер даяр, жакынкы күндөрү жаңы жобо жарыяланат", — деди агенттиктин жетекчиси.
Акча көбүрөөк бөлүнөт. Бийликтен Көчмөндөр оюндары кандай өтөрүн айтып беришти