БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. "Евразия" бейөкмөт уюмунун эл аралык сыйлыгынын ар бир номинациясынын жеңүүчүлөрү бир миллион рублден алышат. Бул тууралуу сыйлыктын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, саясат таануучу, илимий билим берүү жана жаштар долбоорлору боюнча эксперт Алина Молдокеева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди.
Экинчи орунду алган катышуучуларга 500 миң рубль, ал эми үчүнчү орунду ээлегендерге 200 миң рубль берилет.
Сыйлыктын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, саясат таануучу, илимий билим берүү жана жаштар долбоорлору боюнча эксперт Алина Молдокеева
© Sputnik / Самрат Карачев
"Бул — ат салышууга мотивация бере турган чоң сумма. Эгерде ишке ашыргыңыз келген кыялдарыңыз болсо, анда катышуу үчүн арыз таштаңыз", — деди Молдокеева.
Байге фонду 25 миллион рублди түзгөн "Евразия" сыйлыгы Россотрудничество менен биргеликте ишке ашырылууда. Күздө Евразия мамлекеттеринин социалдык, экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө, элдик дипломатияны алдыга жылдырууга, тарыхты сактоого жана постсоветтик өлкөлөрдүн ортосундагы маалыматтык тоскоолдуктарды жоюуга олуттуу салым кошкон адамдарды жана уюмдарды колдоого багытталган тарыхтагы алгачкы сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.
Номинациялар:
"Дүйнөнүн тили" — орус тилин эл аралык баарлашуу каражаты катары колдонууну колдоо;
"Маданият мурасы" — искусство тармагындагы долбоорлор үчүн;
"Жүрөктүн чакырыгы менен" — ыктыярдуу ишмердүүлүк үчүн;
"Достук көпүрөлөрү" — эл аралык кызматташтыкка көмөктөшкөндүгү үчүн;
"Евразия лидери" — евразиялык мейкиндикти өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн;
"Жүрөктүн иши" — жаш муунду тарбиялоого кошкон салымы, калктын саламаттык сактоо жана ыктыярчылык маселелери боюнча сабаттуулугун жогорулатууга кошкон салымы үчүн;
"Муундар элеси" — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата;
"Жаркын башталыш" — жаңыдан иш баштаган активисттер менен келечеги кең демилгелерге;
"Коомчулук берген баа" — Евразия аймагында салттуу баалуулуктарды сактоого олуттуу салым кошкон демилгелер үчүн;
"Евразия үнү" — евразиялык интеграция темаларын калыс чагылдыруу жана жалган фактылар менен күрөшүү үчүн.
Сынакка ишке ашырылган бардык долбоорлордун авторлору катыша алат. Мисалы, өзбекстандык Жон Ашуров жаштарга Telegram каналы аркылуу практикалык колдонмолорду, кеп-кеңештер менен гранттарды, стажировкаларды, тажрыйба, билим алмашуу алмашуу программаларын табууга жардам берген билим берүү платформасын түзгөн. Индиялык Алам Тауфик аз камсыз болгон жамааттар үчүн акысыз котормо кызматтарын жана тил курстарын сунуштаган ыктыярдык долбоорду ишке ашырган. Ал орус, хинд жана англис тилдерин үйрөнүү аркылуу маданияттар аралык диалогго өбөлгө түзө алды.
Арыз берүү үчүн шилтеме аркылуу өтүү керек.