БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) арты менен Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин саны көбөйдү. Бул тууралуу маалымат жыйында ДКО долбоорунун автору Асхат Акибаев билдирди.
Анын айтымында, ДКО өткөрүлгөн төрт жылдын ичинде өлкөдө туристтердин саны үч эсеге көбөйдү. Мисалы, 2014-жылы Кыргызстанга 2,2 миллионго жакын адам келсе, 2018-жылы, үчүнчү оюндардан кийин бул көрсөткүч 5,8 миллионго чейин өскөн. Ал эми туризмдин экономикадагы үлүшү 1,5 пайыздан 5 пайызга жеткен.
Акибаев маданиятты, руханий байлыкты жана салт-санааны бириктирген масштабдуу долбоорду дүйнөгө Кыргызстан бергенин белгиледи.
"Биздин оюндардын өзгөчөлүгү ар тараптуулугунда. Программа спортту, маданиятты, илимди жана салттуу билимди камтыйт. Мисалы, Олимпиада оюндарына спорттун 33 түрү кирип, болжол менен 15 күнгө созулат. Ал эми бизде 5-6 күндүн ичинде 40тан ашык этноспорттук дисциплиналар боюнча мелдештер өткөрүлөт. Мындай формат дүйнөгө абдан кызык", — деди долбоордун автору.