Хрущевдун Никсон СССРге келгенде кескин айткан сөздөрү. Видео

Sputnik
1959-жылдын 24-июлунда Коммунисттик партиянын БКсынын биринчи катчысы Никита Хрущев АКШнын болочоктогу президенти Ричард Никсон менен жолугат. Тарыхта бул кездешүү, СССР лидеринин айтып жиберген кескин сөздөрү туурасында айтылып келет.
Бул боюнча Sputnik Ближнее зарубежье баяндайт.
Жайдын ал күнү Сокольникиде СССР боюнча биринчи жолу "АКШнын өнөр жай продукциясы" аттуу көргөзмө ачылган. Дал ошол жакка Никсон капиталисттик чарбанын жетишкендиктерин көрсөтүү ниетинде келет.
Телетехника павильонунда алар коммунизм менен капитализмдин артыкчылыктары тууралуу сүйлөшө кетет. Экспозицияда орточо америкалык үй-бүлөнүн жашоо шартын көрсөтүү үчүн коттедж жана анын ичине телевизор, кир жууган машина, заманбап плита коюлган.
СССР жетекчиси "Америкага жетип, андан ашып өтүү" принциби менен иш кылган. Хрущёв америкалык курулушту начар жана бышык эмес деп сыпаттаган. Ага "америкалыктарга бышык үйдүн кереги жок, анткени кийинчерээк оңой эле насыя алып, жаңысын кура алышат" дешкенде (тарыхчылардын айтымында), ал ачууланып кеткен.
"Биз ким экенибизди силерге көрсөтөбүз!" — деп айтып жиберген. Бул америкалык котормочулардын оозунан сөзүн түшүргөн. Анткен менен атактуу фраза кинохроникага түшкөн эмес. Кийинчерээк бул сөздү Хрущёвдун БУУдагы сүйлөгөнүнө байланыштырып, жаңылыш айтып жүрүшкөн.
Анда Хрущёв бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу болгон сөздөрдү айткан:
"Биз чет өлкөлөрдөгү бардык аскердик базаларды жоюуну каалайбыз. Ал ишке ашмайынча бири-бирибизди түшүнбөй, ар башка тилде сүйлөй беребиз. Ким чет жактагы базалардын турушуна чекит коюуну жактаса, ошол тынчтыктын тарапкери. Ал эми ким каршы чыкса, ал согушту жактайт", — деген.
Кансыз согушка чекит коюуга кадам таштап... 51 жыл мурдагы видео