БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкек менен Ошто мыйзамдарды одоно бузган 78 жеке клиника убактылуу жабылып, 4,5 миллион сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, эки шаардагы 117 жеке медициналык борбор текшерилген.
"Алардын 37си лицензиясы жок эле иштеп жүргөн болсо, иштөөгө уруксаты бар 80и лицензиянын талаптарын бузганы аныкталган. Алардын катарында лицензиясы жок, анын талаптарын жана санитардык эрежелерди бузган, дарыларды туура эмес сактаган, негизсиз медициналык процедураларды жасаган фактылар бар", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик жарандарды лицензияланган медициналык мекемелерге гана кайрылууга чакырган.