БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Борбор калаада сентябрга пландалган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачары өттү.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда дүйнөлүк бул иш-чараны өткөрүүгө даярдык активдүү башталганын айтты.
"Кийинки жылы бизде илимий-маданий жана спорттук иш-чараларга бай программа болот. Бул этноспортту, элдик өнөрдү жана көчмөн цивилизациясын даңазалоого багытталган иш-чара болот. Учурда 100гө жакын өлкөгө чакыруулар жөнөтүлдү", — деди Байсалов.
Ал бул оюндар жаңы деңгээлге чыгып дүйнөлүк масштабда болору күтүлүп жатканын айтып, ага көбүрөөк каражат бөлүнөрүн белгиледи.
Маданият, маалымат жана туризм министри Мирбек Мамбеталиев оюндарга дүйнөлүк жылдыздар, анын ичинде казак ырчысы Димаш Кудайберген чакырыларын айтты.
"Акыркы оюндарда миң комузчу "Маш ботой" күүсүн чертип, дүйнөлүк рекорд коюшкан. Бул жолу да сюрприздер болот, азырынча айтпай турайын", — деди министр.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты августтун ортосуна чейин ишке кирип, анда ар бир спорт түрү жана иш-чара тууралуу толук маалымат берилет.