Бул жолу “Стоп кадр” программасында биз УКМК тууралуу тартылган “Улуттук коопсуздук” тасмасы жөнүндө сүйлөштүк. Тасма Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда тартылып, премьерасы күзгө пландалууда. Фильм өлкө эгемендүүлүккө жеткен учурдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый жолду, коомдогу өзгөрүүлөрдү жана кылмыштуулук менен болгон принципиалдуу күрөштү чагылдырат. "Улуттук коопсуздук" тасмасы күч түзүмдөрүнүн дүйнөсүн канчалык ача алды? Кененирээк бул уктурууда.