Суусамыр өрөөнүндө пилоттук долбоор менен 11 гектар жерге органикалык дары чөптөр жана айыл чарба өсүмдүктөрү эгилди. Бул демилге Кайра иштетүү өнөр жайыжана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан колдоого алынып, иштер ийгиликтүү жүрүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстан өндүргөн органикалык дары чөптөр негизинен Россия менен Казакстанга экспорттолот. Суусамырдагы бул тажрыйбаөлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүдө роль ойнойт. Эгерде фермер органикалык чарбаны баштагысы келсе, министрликке жардам сурап кайрылса болору, органикалык сертификатты кантип алуу керектиги жана бул багытта фермерлерге мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоолор, жеңилдиктер тууралуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев айтып берди.