Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы курулган "Бишкек Арена" стадионунда өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Стадионго 51 миң көрүүчү батат. Министр белгилегендей, негизги мелдештер салт боюнча Ысык-Көлдөгү ат майданы менен Кырчын жайлоосунда өтөт. "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасы курулат. Ошондой эле этнобийлер, этникалык хип-хоп, этномода фестивалы өткөрүлөт", — деди Мамбеталиева. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы түзүлгөнүн, ал убакыттын өтүшү менен Эл аралык Олимпиада комитети сыяктуу иштей турганын билдирди. Анын башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч багыт боюнча өткөрүлөт. Ага 90го жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2014, 2016 жана 2018-жылдары өткөрүлгөн, ал эми 2022-жылы иш-чара Түркияда, ал эми 2024-жылы Казакстанда өттү.
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунда таш кулап, каттам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти. Түшкөн таштар жолдун 280-281-чакырымын тосуп калган. Ал жерге жеткирилген техника трассаны тазалап жатканын айтышты."Жол убактылуу жабылгандыгына байланыштуу айдоочуларга башка альтернативдүү жол багыттарын тандап алуу сунушталат", — деп жазылган маалыматта.
Ысык-Көлдүн ортосунда, сууда калган киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин облустук бөлүмүнөн билдиришти. Алгач катер үйлөнмө кайыкка үч кишини отургузуп көлдүн дээрлик орто ченине чейин алып келген. Бирок катердин айдоочусу үч адам оор болуп жатканын түшүнүп, бирөөнү ошол жерге убактылуу сууга таштап, экөөнү жээкке жеткирүүгө кеткен.Суунун ортосунда калган киши коркуп кетип, жардам сурай баштаган. Бул маалда рейдде жүргөн куткаруучулар келип калышкан. Алардын артынан эле жүргүнчүсүн таштап кеткен катер да жетип келген.
Россия-Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча делегациясынын башчысы, Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский Стамбулда НАТОнун баш катчысы Марк Рюттеге атайын кайрылып, тарыхтан мисал келтирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Эске салсак, үчүнчү орус-украин сүйлөшүүсү кечээ Түркиянын Стамбул шаарында өттү. "Тарыхты абдан жакшы көргөн Рютте мырза үчүн атайын тарыхый маалымат келтире кетейин. Кытайда коммунисттер менен улутчулдардын – Чан Кайши менен Мао Цзэдундун ортосунда жарандык согуш болгон", — деген Мединский бул мезгилдери Чан Кайши көзмө-көз жолугушууну, бардыгын сүйлөшүүнү талап кыла бергенин эске салып. "Менимче, беш ирет кездешип, жылмайып, сүрөткө түшүшкөн. Анткен менен бул нерсе жарандык согушту токтото алган эмес. Себеби негизги маселелер, карама-каршылыктар чечилген эмес. Согуш улана берген", — деп белгилеген ал. Сөзүн жыйынтыктап жатып, "Батыштын жапырт каралган аскердик жардамына" карабастан улутчулдар утулуп, коммунисттер жеңгенин кошумчалаган.