Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктары менен өзүн-өзү камсыздоого ишенимдүү бел байлагандыгы тууралуу айтылган. Ал үчүн 9 "Акылдуу күнөсканалар" курулуп бүтүп, пияз, корей калемпири жана бадыраңдын уругун сыноо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул ишти айыл чарба институту демилгелеп чыккан. Бүгүнкү программабыздын мейманы профессор Абдибек Асаналиевге ал кандай жол менен ишке ашырылары, учурда үрөн маселесинин абалы, илимий жаатта аткарылып жаткан иштер жана «акылдуу күнөсканалар» тууралуу бир катар суроолорду узаттык. Аргындашкан урукту илимий жол менен алууда жашылчалардын сапаты мыкты болору шексиз, бирок баасы да арзан болбойт. Экинчиден бул экспортко чыгарууда жакшы натыйжа берерин билдирди Асаналиев.