Быйыл Президентке караштуу №99маалыматтык технологиялар кесиптик лицейге өзгөчө статус берилди. Бул статус лицейге билим берүүдө эркиндик жана финансылык автономия берет. Тактап айтканда, эми лицей окуу программаларын өзү түзүп, заманбап IT адистерин даярдоого мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле материалдык-техникалык базасын жакшыртат. Мындай өзгөрүү өлкөдө IT тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошот жана жаштарга кесиптик билим алууда заманбап шарттарды түзүп, өлкөнүн санариптик келечегин камсыздайт.
Лицейде бүтүрүүчүлөр үчүн кандар шарттар түзүлгөн? 2025–2026-окуу жылына карата кабыл алуу жүрүп жатабы? Кайсы класстын бүтүрүүчүлөр тапшыра алат? Кандай документтер керек?
Чет өлкөлүк окуу жайлар жана IT-компаниялар менен кызматташуу барбы? Бул суроолорго "Күн башат" программасынын алкагында аталган кесиптик лицейдин окутуучусу Канай Сейдибалиевден жооп ала алдык.