Пресс-борбор

Экономист ЕАЭБдеги электрондук соодалашуудагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Экономист Нургүл Акимова ЕАЭБде электрондук түрдө сатылган товарлардын бажы баасын аныктоонун жаңы тартиби тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде айтып берди.
Ал белгилегендей, 2024-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБде маркетплейстер, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу соода-сатыкта товарды бажыдан баалоо системасы иштей баштады.
Эми бажы органдары товардын баасын атайылап төмөндөтүлүшүн алдын алуу үчүн санариптик далилдерди (скриншот, электрондук төлөмдөрдүн маалыматы ж.б.) жана ошол мезгилге карата валюта курсун талап кылат.
"Социалдык тармактар аркылуу соодалашууда сатуучунун санарип изин анализдөө аркылуу кошумча текшерүү жүргүзүлөт", — деп белгиледи экономист.
Акимова ЕАЭБде жыл сайын 18,7 миллиард долларлык 1,24 миллиарддан ашык жүк жүгүртүлөрүн, бир жүктүн орточо баасы 15 доллар экенин белгиледи. Ошол эле учурда дүйнөдө бул көрсөткүч — 34 доллар. Серепчи бул системалуу түрдө баанын төмөн көрсөтүлүп жаткандыгынын белгиси экенин айтты.
Күчүнө кирген жаңы эрежелер чек ара аралык электрондук сооданы комплекстүү тартипке келтирүүгө багытталган.
Сатып алуучуларды кандай өзгөрүүлөр күтөт:
"Электрондук соодадагы товарлар" деген жаңы категория киргизилет. Бул — жарандар чет өлкөлүк интернет-аянтчалардан сатып алган товарлар;
"Электрондук соода оператору" деген институт пайда болот — бул реестрге катталган юридикалык жак болуп, жарандардын атынан декларация берүү милдетин аткарат;
мындай товарларга өзүнчө бажы декларациясынын түрү киргизилет;
электрондук соодадагы товарларга бирдиктүү бажы алымы киргизилет — товар наркынын 5 пайызы. Ал эми 200 еврого чейинки товарлар мурдагыдай эле бажы төлөмүнөн бошотулат;
эми түз жана оператордун кампасы аркылуу болуп, эки түрдүү жеткирүү ыкмасы каралат.
Кыргызстан чекене сооданын өсүшү боюнча ЕАЭБ чөлкөмүндө лидер болууда