БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Кыргызстандагы Россиянын элчиси Сергей Вакунов жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда мигранттардын маселеси талкууланды. Маселен, Россияга бара тургандардын документтерин (сүрөткө түшүү, медициналык маалым кат алуу ж.б.) Кыргызстандын аймагында тактоого көңүл бурулду.
Ошондой эле РФтин көзөмөл реестрине кирген кыргызстандыктардын миграциялык статусун мыйзамдаштыруу талкууланды. Имангазиев чет элдиктердин миграциялык статусун мыйзамдаштыруунун алкагында миграциялык борборлорго кошумча кабыл алуу терезелерин ачууну суранды.
Мындан тышкары, жарандардын жашаган дареги боюнча каттоого туруу жана кыргыз жарандарынын балдарынын орус тилин билүү боюнча тест тапшыруусу тууралуу кеп козголду. Анда мындай сынактарды КР аймагында өткөрүү сунушталды.