ИИМ: алган параны кайтарып берип жаткан салыкчы кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Баткенде Салык кызматынын тескөөчүсү алган парасын кайтарып берип жаткан жеринен кармалганын ИИМден билдиришти.
Кызыл-Кыяда салыкчы курулуш дүкөндүн ээсине миллион сом төлөшү керектигин айтып, бирок 200 миң сомго "маселени чечип берүүнү" убадалаган.
Мындан кийин ишкер арыз менен кайрылып, иш козголгон. Тергөөдө шектүү дүкөн ээсинен керектүү сумманы алганы аныкталган.
Ал эми 22-июлда улук тескөөчү Кызыл-Кыя шаарында дүкөндүн ээсине 2 200 доллар кайтарып берип жатканда кармалып, камакка алынды.
Тетиктерди алып келип автоунаа курап, мыйзамсыз каттагандар кармалды