Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Стамбул: Россия менен Украинанын ортосунда үчүнчү сүйлөшүү болуп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында Россия менен Украинанын үчүнчү сүйлөшүүсү жүрүп жатат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөр оңой болбостугун билдирген.
Россиянын делегациясын мурдагыдай эле президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп барган.
Сүйлөшүүлөргө ошондой эле Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Башкы штабдын башкы башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков жана тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин катышууда. Сүйлөшүүлөргө Россиянын эксперттеринин тобу да кошулду.
Ал эми украин делегациясын Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жетектеди. Сүйлөшүүгө Чалгын кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана Зеленскийдин администрациясынын өкүлдөрү кирди.
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан баштапкы сөзүндө Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты тараптардын ок атышуусун токтотууга жетишүүсү экенин белгиледи. Ал Анкара Москва менен Киевдин ортосунда туткундарды алмашууга өз салымын кошо аларын баса белгиледи.
Фидандын сөзүнөн кийин сүйлөшүүлөр жабык форматта уланууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин менен Зеленский жолугушу ыктымалдыгын айтышты