БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россия менен Украина меморандум долбоорлорун бири-бирине берүүнү макулдашканын Владимир Путин жана Владимир Зеленскийдин жолугушуна көрүлгөн даярдык катары кароого болот. Бул туурасында РИА Новости РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянып кабарлады.
"Меморандум макулдашуусу боюнча аткарылчу иштер — жолугушууга көрүлгөн даярдык", — деди Песков.
Кремль өкүлүнүн башка билдирүүлөрү:
Москва-Киев сүйлөшүүсүнүн бүгүн кечинде болушу күтүлүүдө;
бейшембиде бул иштерден кабары бар түркиялык маалымат булагы РИА Новостиге сүйлөшүү Стамбулдагы Чыраганда (Бишкек сааты менен алганда 22:00) башталарын билдирди;
Россия делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт;
аталган делегациянын курамы өзгөргөн жок;
тараптар алмашуу иштерин улантууну талкууламакчы;
зарылдык жаралса башка маселелер боюнча да кеп болорун айтышты.
Тараптар буга чейин соңку сүйлөшүүлөрдү май, июнда жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен эки жак туткундарды алмашып жана Киев украиналык аскерлердин сөөгүн өткөрүп алышкан. Андан сырткары, делегация бири-бирине кырдаалды жөнгө салуу боюнча меморандумдун долбоорун берген.